Бир күнү делдең бөжөк жолдон бир ууч арпа таап алды. Алгач сактангандай акырын жыттап келип бир-экөөнү ирмеп чайнап көрдү.  «Бах» деп тамшанды ширесин соруп. Анан өзүн кармай албай ары-бери кайсап жиберди. Бирок бир ууч арпа канча кылмак эле: оозунда даамы эле калбаса, курсагына жук болгон жок.

Алымсынбай калган бөжөк «Дагы бар болду бекен?» деп эки жакты шимшилеп издей баштады. Айланада көрүнбөйт. Адатынча арткы кош аягына тура калып туш келди искегиледи. «Мына» деп сүйүнүп кетти бир маалда. Арпанын жагымдуу жыты мурдуна бур эле дей түштү. «Тиги бадалдын аркасында бар окшойт» деди да ошол тарапты карай шуу койду. Бирок эч нерсе таба алган жок. Бадалдын тиягын шимшиди, биягын шимшиди, жок. Эч нерсе жок.

Бир маалда мурдун көтөрүп дагы жыттап көрдү эле, жыт наркы таш жактан келгенсиди. Делдең бөжөк дароо ташка жетип барды. Бирок эки эмес, үч айланса да эч нерсе таппады. Ал тургай үстүнө секирип чыгып да карады. Арпа тургай саманы көрүнбөйт. Анан ошол таштын үстүнө серейип тура калып желге мурдун тосту. «Мына, мына! Дал ушул тараптан жыттанып атат» деди жел келген тарапты искеп. «А балким ал мынчалык жакын эместир. Балким өтө алыс, бирок өтө көптүр» деген ой келди аңгыча. Анткен менен бул ой деле аябай жакты. «Жакын бирок аз болгуча, алыс болсо да көп болсун» деди ичинен. «Кой, Эрбең менен Сербеңди да ээрчитип алайын» деп таштан секирип түштү. Бирок бир-эки кадам аттабай жатып кызганычы жеңип чыкты. «Алар азыр жебесе өлбөйт. Биринчи өзүм тоюп алайын, анан чакырам» деди ашказаны. Ошентип шарт бурулду да жанагы жел келген тарапты карай зуу койду.

Чуркап баратты, чуркап баратты. Бир далай жерди, дегеле өмүрү баспаган жерлерди басып өттү. Айтмакчы жанагы жыт бул чуркаган сайын күч алды. Ал күчөгөн сайын бул «Арпа укмуш көп окшойт» деп кудуңдады. Бирок кыялындагы арпа дөбөгө такыр жетпей койду. Тынымсыз чуркаса да жеткен жок. Аңгыча шайы кетип, курсагы да ачты. Ашказаны тим эле курулдайт. Акыры чыдабай көлөкө таап отура кетти. Тигиндейрээкте кичирээк көлчүк туруптур, аны көрүп таңдайы катып турганын сезди. «Биротоло суусунумду да кандырып алайын. Арпага жеткенде суу издебей» деди ал. Ошентип көлчүккө тумшугун малып аптыга жутту. Так ушул маалда суунун үстүндө бир-эки дан арпа пайда болду. Тим эле көз алдынан эле агып чыкты. «Таптым!» деп кубанып кетти бөжөк. Оюнда арпаны суу басып калгандай, кыялындагы арпа дөбө суу астында үйүлүп жаткандай сезилди. Шарт эле секирди эле, кичинекей көлчүк төрт аягын араң көмдү. Бирок арпа тургай эч нерсе жок. Чалп-чалп эттирип булуң-бурчун кечип жиберди эле суудан эки бака атып чыкты.

— Эй, сага жин тийдиби?! Эмне биздин сууну булгап атасың?! – деп бакырды бирөөсү ачууланып.

Бөжөк аларды көрүп уялып кетти.

— Мен… неме.. Мен… арпа издеп жүрдүм эле, — деди мукактанып.

— Арпа?! Кайдагы арпа? Суунун астында да арпа болмок беле?! – деди экинчи бака баркылдап.

— Билбейм. Суу ичейин десем үстүндө калкып жүрүптүр.

— Ой кокуй ой, анан сууда арпа бар дедиңби?! Сага окшогон бирөө мурдуна жабыштырып келип түшүрүп кеткендир.

Бул сөз бөжөктү ойлонтмок тургай, ого бетер шаштысын алды. Демек арпа дөбө жакын эле жерде турса керек деген ой шып этти. Элеңдеп тура калып туш тарабын искеп-искеп алды да;

— Мына, мына! Жакын эле жерден жыттанып атат. Жыттасаңар! Силерге да келип атабы жыты? Келип атабы? – деди ал шашмалап.

Ошондо аны карап турган бакалар тырактап каткырып, боорлорун тырмап жатып калышты. Аларды көрүп бөжөктүн ачуусу келди. «Кой, бул келесоолорду карап тургуча арпамды башкалар жеп кетпесин. Тезирек барып курсагымды тойгузайын» деди. Ошентип аңды-дөңдү карабай чуркап жөнөдү. Ал тургай арттагы эки баканын кыйкырганын да уккан жок.

Кап, ошондо аларды угуп койгонунда мынча убара болмок эмес. Себеби алар «Эй келесоо, мурдуңа арпа жабышып калыптыр. Сага ошол жыттанып атат» деп жатышкан болчу…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Кырк калп жомок21
Нооруз жөнүндө жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *