Бир күнү хан кийикке чыкканда, Апендини кошо жолдош кылмак болуп:
— Оо, Апендим, бүгүн биз менен бирге кийикке жүр,— деди эле, Апенди илгирбей макул болду. Бирок аны эң эле кашаң жана арык атка мингизип коюшту. Узак убакка кийик уулап, кечке жуук үйдү карай кайткан кезде, жаан шатыратып төгүп жиберди. Беркилердин баарынын аты тың жана жакшы аттар болгондуктан, чапкан бойдон шаарга кирип кетишти. Апенди өз атын камчысы менен канчалык чаап, буту менен канчалык теминсе да, эшейип баспай койду.

Эч болбосо шаарга кургак барайын деди да, үстүндөгү кийимдерди бүт чечип, астына салынып алды. Акыры шаарга жеткенде, аларды кайра кийип, хандыкына келди. Хан Апендинин кийими бүт кургак экенин көрүп аябай таң калып:
— Оо, Апенди, биз аттын оозун коё берип отуруп, үйгө жеткенче жаанга абдан суу болдук, а сенин кийимиң купкургак, бул кандай? —деди.
— Ханым, мен минген ат анык шумдук экен. Силерден азыраак кала түшүп, анан шаарды карай сызган бойдон жөнөгөндө, мен муну шамалдан мурда баратабы деп ойлодум. Шаарга тез эле жетип, жаан басылгандан кийин мында келдим,— деп Апенди сүйлөдү.

Хан аңтан, болуп, Апенди минген атты жакшылап бактырып койду.
Бир күнү кийикке дагы чыгып, Апендиге бөлөк атты мингизип, дал ошол кашаң атты өзү минди. Булар кайра кайткан кезде асманды булут каптап, жаан нөшөөрлөп куюп жиберди.
Апенди минген атына камчы басып, шаарга кирип кетти. Ал эми хан канчалык аракет кылса да, минген аты ордунан жылбай, жолдошторунан капкайда артта калды. «Бул ат качан учат?» деп ойлоп көпкө күттү. Бирок аты илкигенден илкип отуруп, ханды шөмтүрөтө суу кылды. Хан шаарга араң жетип, үйүнө келсе, Апенди купкургак гана жыргап отурат. Хандын кыжыры кайнап:
— Сен мени неге алдадың? Мындан кийин бул адатыңды коюп жүргүн. Мен сага ишенем деп, кийимим бүт суу болуп, өзүм да үшүп бүттүм,— деди.
Анда Апенди айтты:
— Сен эмнеге ачууланасың? Үстүңдөгү кийимиңди чечип астыңа салып, жаан басылгандан кийин кайра кийгенди билген жоксуңбу?

Бир күнү Апенди жалгыз казын союп, казанга салып бышырды да, ханга берейин деп, аны колтугуна кысып жолго түштү. Баратканда курсагы ачып, каздын бир санын жеп койду.
Апенди алып келген казды көрүп хан:
— Ай Апенди, бул каздын бир саны кана? — деп сурады.
— Оо, ханым, быйылкы жылы канча каз болсо, ошонун баарынын бирден гана буту бар,— деп Апенди айтты.
Хандын короосунда жоон топ каз бар эле, жаандан кийин алардын баары бир бутун көтөрүп турган экен. Хан өз жигитине:
— Мына бул каздарды таяк менен ургулап куугун,— деди.
Жигит барып, таяк менен урганда, каздар кош аяктап кача баштады.
— Сен калп айтыпсың, Апенди… Тигилер эки буттуу турбайбы,— деди хан, качып бараткан каздарды көрсөтүп.
— Эгер ушул таяк менен ургуласа, сен эки эмес, төрт аяктап секирер элең,— деп Апенди ханды сөзгө жыкты.

Апендинин короосундагы жемиш бактарынын ичинде эрте быша турган шабдаалысы бар эле. Күндөрдүн биринде Апенди андан сапсары болуп бышып калган үч шабдаалыны көрдү. Үчөөнү тең үзүп, жайпак табакка салып, хандын үйүн карай жөнөдү. Жайпак табакта шабдаалылар ары — бери томолонушуп, биринебири тие баштаганда Апенди:
— Тентектик кылбагыла, жемиштер, болбосо оозума салып жеп коюп жаштайыңарда соолтом,— деди.
Үч шабдаалы аны укпастан бири менен бири дагы эле кагылыша берди.
— Булар бирге турса, тентектигин койбойт экен,— деп Апенди шабдаалынын экөөн жеп алып, бирин ханга алып келди.
Хан шабдаалыны жегенден кийин Апендиге чоң ыракмат айтты.
Ханга бериш үчүн Апенди дагы бир күнү үч жаңгак алып бара жатты. Жолдон бир киши жолугуп:
— Кайда жөнөдүң, Апенди? — деп сурады.
— Ханга жаңгак алып баратам.
— Жок, сиз жаңгакты коюңуз, андан көрө хандын абдан жакшы көргөн тамагы — мейизди алып барыңыз,— деди ал киши.
Апенди анын тили менен жаңгакты таштап, ханга мейиз алып барды.
Бирок хан мейизди эң эле жаман көрчү экен.
— Мындан кийин Апенди мейиз көтөрүп келгенин койсун… Аны ошол өз мейизи менен аябай ургула,— деп хан жигиттерине буйрук берди.
Жигиттери ура баштаганда, Апенди өзүнө мейиз тийген сайын:
— Ханым, мунуңа чоң ырахмат! — деп улам ыраазы болуп турду.
— Эй Апенди, сени бул жерде сабап жатышса, сен ага кайгырмак түгүл, кайра ыракмат айтканың кандай? — деди ошол жердеги кишилердин бири.
Анда Апенди айтты:
— Ээ тууган, ар ким өз айыбын өзү билет… Булар мени жаңгак менен сабай турган жейү бар эле, бирок минтип кудай колдоп, жупжумшак мейиз менен сабап жатышпайбы… Мен ошол үчүн ыракмат айтып жатам.
— Эмне дейсиң? — деп сурап калды хан.
— Мен мында жаңгак алып келе жаткам. Эгер мында мен жаңгакты көтөрүп келсем, башыма катуу жаңгак тиймек экен… Мейизди ушунчалык жаратканы үчүн кудайга миң ыракмат, — деп Апенди чыгып кетти.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Один комментарий к “Апенди менен хан”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *