«Ач көздүк курсак тойгузбайт»

Илгери-илгери алыскы бир өлкөдө өтө кембагал бирок, аябай жүрөгү таза бир жаш адам жашаптыр. Бул жаш адамдын үй-бүлөсү да кедей экен. Ал өз жанын багыш үчүн алыс жакка жолго чыгыптыр.

Ал аябай көп жерлерге барат жана кызыктуу жерлерди көрөт. Бир куну ал эс алуу учун деңиздин жээгинде басып журуп кызык бир окуяга туш болот.

Жээкте бир адам куржунунан эки мышыкты алып чыгып, аларды сылап-сыйпап, анан аларды денизге ыргытууга даярданып жаткан экен. Муну көргөн жаш адам мышыктарга боору ооруп, дароо аларды сатып алууну чечет. Бирок анын жанында бир эле алтыны бар болчу. Ал мышыктарын ыргытайын деген адамдын жанына барып, мышык тарын сатуусун суранып:

— Досум. Мышыктарды мага сатчы?.. Бирок менин бир эле алтыным бар, — дейт.

Мышыктардын ээси дароо эле суйунуп кетип, алтынды алып мышыктарды бере салат. Мышыктарды аман сактап калганына жаш адам аябай сүйүнөт.

Ошол эле куну ал ошол жердеги кемеден иш таап алат. Ал кемеде иштеп жатып уч жаш адам менен таанышат. Алар менен жакшы мамиле куруп, анан достошуп алат. Алар иштеген кеме алыскы сапарга чыккан болчу. Кеме журуп отуруп, журуп отуруп бир аралга келип токтойт. Ал арал аябай кооз болгондуктан төрт доско жагып калат да, алар ошол аралда калууну чечишет.

Мына ушинтип төрт дос кемеден тушуп калышып, аралды аралап чыгышат. Акыры алар жээктен алыс жерде жай гашкан бир шаарга барышат. Булар ал жерден ошол шаардын эли менен таанышышат.

Төрт дос бул шаардын элдери аябай бай, жыргалчылык турмушта жашашканын көрүп, аябай сук танышат.

Бул аралдын падышасы аралга жаны келген бул мейман дарды өзүнүн сарайына чакырып сыйлап, аларга сый тамак берет. Ал падышанын дасторкону ушунчалык берекелүү болуп, коноктордун тим эле шилекейин агызат. Бирок конок тору тамак жээрден астында тамактын арасын көптөгөн чычкандар аралап кетет. Төрт дос буга аябай таң калып турган кезде падыша:

— Досум. Мышыктарды мага сатчы?.. Бирок менин бир эле алтыным бар, — дейт. Мышыктардын ээси дароо эле суйунуп кетип, алтынды алып мышыктарды бере салат. Мышыктарды аман сактап калганына жаш адам аябай сүйүнөт.

Ошол эле куну ал ошол жердеги кемеден иш таап алат. Ал кемеде иштеп жатып уч жаш адам менен таанышат. Алар менен жакшы мамиле куруп, анан достошуп алат. Алар иштеген кеме алыскы сапарга чыккан болчу. Кеме журуп отуруп, журуп отуруп бир аралга келип токтойт. Ал арал аябай кооз болгондуктан төрт доско жагып калат да, алар ошол аралда калууну чечишет.

Мына ушинтип төрт дос кемеден тушуп калышып, аралды аралап чыгышат. Акыры алар жээктен алыс жерде жайгашкан бир шаарга барышат. Булар ал жерден ошол шаардын эли менен таанышышат. Терт дос бул шаардын элдери аябай бай, жыргалчылык турмушта жашашканын көрүп, аябай суктанышат.

Бул аралдын падышасы аралга жаны келген бул меймандарды өзүнүн сарайына чакырып сыйлап, аларга сый тамак берет. Ал падышанын дасторкону ушунчалык берекелүү болуп, коноктордун тим эле шилекейин агызат. Бирок конок тору тамак жээрден астында тамактын арасын көптөгөн чычкандар аралап кетет.

Төрт дос буга аябай таң калып турган кезде падыша:          

— Биз бул майда жырткычтардан аябай тажадык. Эч ким бизди бул кичинекей жырткычтардан куткара албады. Эгер ким ушуларды жок кылып, бизди бул кесепеттүү жырт кычтардан куткарса падышачылыгымдын жарымын берээр элем, — дейт башын чайкап,

Анда жанагы кембагал жаш адам дароо ордунан тура калып, сатып алган мышыктарды падышага алып келет да:

Падышам, бул мышыктар сизди кичинекей жырткыч тардан куткарат. Мен сизге бул мышыктарды белек кылып берейин — дейт.

Падыша бул мамилеге ыраазы болуп, мышыктарды ортого коё бергенде эле эки мышык дароо чычкандардын ар тынан тушуп, аларды тызылдатып кууй башташат. Анан бир заматта эле куушуп-ойногончо тамактарды бул гап жүрген чычкандарды кармашып, дасторконду чычкандардан тазалап салышат.

Буга падыша аябай сүйүнөт да, аларга падышачылыгынын жарымын эмес, андан көп нерселерди белек кылып берет.

Мына ушинтип ал кедей жигит достору менен бирге бул аралдан өтө бай болуп, өз мекенине кайтат. Алар жолуккан адамдарга баштарынан өткөн окуялар ды айтып беришет. Окуяны угуп олтургандардын арасында саран соодагер адам да бар болчу. Ал айтылгандарды угаары менен шашкалактап, дароо баары-жогун жыйнаштырып, аралга карай жол тартыптыр. Ал саран адам жаман оюнда өзүндө эмне болсо баарын падышага берип, «эки мышык учун ушунча нерсе берген падыша мен бере турган нерселерге андан көп нерсе берет го» деп ойлойт. Саран адам мына ушул ойлор менен алпурушуп отуруп, акыры аралга жетет.

Падыша аны да аябай жакшы кабыл алат да, сый тамак уюш турат. Саран соодагердин берген белектерине падыша аябай кубанат. Бир маалда падыша колун чапкылап, кызматчыларын чакырат. Кызматчылары колдоруна жибек жаздыкта жаткан эки мышыкты алып келишет. Падыша соодагерге карап:

— Бул кичинекей мышыктар биздин аралдагы эң баалуу жаныбарлар катарында турат. Берген белектеринизди жөн гана кабыл алгым келбейт. Ушул баалуу белектерибизди кабыл алып коюнуз, — дейт.

Муну уккан жана көпту умут кылып жаткан көпөстун умуту сууга аккандай жок болот. Бирок саран бай падышанын бергенин албай койгонго айласыз болот да, мышыктарды алып кайpa уйунө карай жолго түшөт. Мына ушинтип сараң адам өзүнүн ач көздүгүнөн улам бут байлыгынан кол жууп калган экен.       

 

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *